30 га жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 8-июлундагы №01-13/2826 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы, токтом кылат:
- Балыкчы шаарынын прокуратурасынын 2026-жылдын 29-июлундагы № 26/11707-00059 талабы жана Ысык-Көл областынын административдик сотунун чечиминин негизинде социалдык Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылындагы 182-контурунда жайгашкан идентификациялык коду 2-04-04-0010-0811 болгон жалпы аянты 30 га социалддык багыттагы жер тилкесин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



