Долбоор 2026-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Долбоор 2026-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 6-беренесинин 6, 9 пункттарына жана 115- беренесинин 4 пунктуна ылайык, Балыкчы шаарынын 2026-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү менен жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн теңдештүүлүгүн камсыздоо максатында, экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Балыкчы финансы башкармалыгынын начальнигинин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1/3,4, 130-беренесинин 1-пункттарына ылайык, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 1-тиркемедеги эсепке ылайык жалпы 31419,7 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен чыгашалары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей