Орто мөөнөттүк мезгилге ( 2027-2028-2029 жылдарга) түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 95 беренесинин 5 пунктуна ылайык, Балыкчы шаар мэриясынын 2026-жылдын 21-августундагы 01-13392 кайрылуусунун негизинде шаардык кеңештин бюджет,экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Орто мөөнөттүк мезгилге (2027-2028-2029- жылдарга) түзүлгөн Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ишкана мекеме уюмдардын жетекчилери (2027-2028-2029)-жылдар ичинде бюджетке чегерүү милдеттерин аткаруу менен, салык маселерине өзгөчө көңүл буруп, өз убагында тийиштүү чара көрүүлөрү милдеттендирилсин.
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге жана шаардык кеңештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди: иш кагаздарына- 1, мэрияга-1, шаардык финансы башкармалыгына-1



