Кыргыз Бройлер АТТЗ ЖЧКна 6,40 га муниципалдык жер тилкесин күрөөгө коюууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-июнундагы №01-13/2375 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын Ак-Өлөң калктуу конушунун “Ак-Жал” аймагында (участкасында) №1322 контурунда жайгашкан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлеринин жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы, аянты 6,40 га жер тилкесин ижара максатында алган Кыргыз Бройлер АТТЗ ЖЧКна күрөөгө коюууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына:
-иш кагаздарын даярдап, мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
-ыйгарым укуктуу органдын чечими, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталган учурда гана кабыл алынсын.
3. Ушул тескеме Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



