Балыкчы шаарында жаңыланган заманбап “Жаштар аллеясы” салтанаттуу түрдө ачылды

Балыкчы шаарында жаңыланган заманбап “Жаштар аллеясы” салтанаттуу түрдө ачылды

2026-жылдын 23-июнунда, Балыкчы шаарында дагы бир кубанычтуу окуя орун алды — шаар тургундары жана жаштары үчүн толугу менен жаңыланган “Жаштар аллеясы” паркынын расмий ачылыш аземи өттү.

Балыкчы шаарысынын мэри Баатырбек Жантаевдин тапшырмасы менен бул аллея комплекстүү реконструкциядан өтүп, заманбап коомдук жайга айланды. Аткарылган бардык курулуш, калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштеринин сапаты шаар башчысынын жеке көзөмөлүндө болду.

Долбоордун алкагында аткарылган негизги иштер:

•Аллеянын жашыл аймактарын сапаттуу сугаруу үчүн жаңы автоматташтырылган сугат тутуму орнотулуп, түшүмдүү кара топурак (чернозем) ташылып келип жайылтылды.

•Шаардыктардын сейилдөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында толугу менен жаңы брусчатка төшөлүп, заманбап отургучтар (скамейкалар) коюлду.

•Кичинекей тургундардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү жана дене тарбиясын өнүктүрүүсү үчүн заманбап балдар оюн аянтчасы курулду.

•Кечки убакта коопсуз жана ыңгайлуу эс алууну камсыз кылуу үчүн парктын аймагына заманбап жарыктандыруу тутуму тартылды.

Бул долбоордун натыйжасында “Жаштар аллеясынын” инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, шаарыбыздын көркүн ачкан эң маанилүү коомдук жана маданий жайлардын бирине айланды. Шаарыбызды өнүктүрүү иштери кызуу уланууда!

 

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей