0,40га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-июнундагы №01-13/2102 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин кезексиз сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине, Балыкчы шаарынын батыш бөлүгүндөгү КараТалаа аймагындагы, №897-контурундагы (идентификациялык коду №2-07-07-0005-0138), жалпы аянты 0,40 га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин
2. Балыкчы шаарынын мэриясына:
иш кагаздарын даярдап, мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул тескеме Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



