27 000 000 (жыйырма жети миллион) сом өлчөмүндө келип түшкөн бюджеттик кредитти кайра толугу менен жабууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 15-майындагы №01- 13/2289 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16- декабрындагы №1109-т тескемесинин негизинде, № 32 “Ийгилик” отканасын куруу үчүн Балыкчы шаарынын мэриясына 27 000 000 (жыйырма жети миллион) сом өлчөмүндө келип түшкөн бюджеттик кредитти кайра толугу менен жабууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Балыкчы финансы башкармалыгына, мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул тескеме Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



