2026 -жылга Балыкчы шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2026-2030- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 06.02.2026-жылдын чыгыш № 01-13/376 кайрылуусунун негизинде Социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
- 2026-жылга Балыкчы шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2025-2030- жылдарга болжолу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясы:
- 2026-жылга Балыкчы шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2030- жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;
- 2025- жылдын жыйынтыгы боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө шаардык кеңешке отчет берилсин.
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча депутаттык депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев____
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



