Муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчигине өткөрүп берүүгө жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 6-февралындагы №01-13/393 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Mercedec-Benz Sprinter 315, мамлекеттик номери 09KG545AD автотехникасын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзүнчө ротасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук
- Балыкчы шаарынын мэриясына:
-муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын. - Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев____
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



