Автоунааларды Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 26-февралындагы №01-13/394 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагасы генерал-полковник Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин демилгесинин негизинде берилген 47 (кырк жети) даана атайын автотехникаларды, 10 (он) даана жүргүнчүлөрдү ташуучу жаңы автобустарды жана 9 (тогуз) даана кызматтык жеңил автоунааларды 1-тиркемеге ылайык, Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине муниципалдык менчигине өткөзүп алууга макулдук берилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясына:
-муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын. - Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин Экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев____
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



