ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVIII–СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVIII–СЕССИЯСЫ

“Автобекет” муниципалдык ишканасынын шаар ичиндеги каттамдардын жол кире акысынын тарифи жөнүндө

Балыкчы  шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы № 01-13/8222  кайрылуусунун шаардык  Кеңешинин  алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына  сунушун  карап,  талкуулап, Балыкчы  шаардык   Кеңешинин  сессиясы

        Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Автобекет” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан шаар ичиндеги каттамдардын жол кире акысы № 1 тиркемеге ылайык 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап бекитилсин.
  2. Жүргүнчүлөрдүн жол киресин “Тулпар” электрондук төлөм системасы аркылуу накталай эмес төлөө формасы 2026-жылдын 31-авгутунан баштап киргизилсин.
  3. Балыкчы шаарынын мэриясына жана “Автобекет” муниципалдык ишканасына “Тулпар” электрондук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана жүргүнчүлөргө төлөм жүргүзүү тартиби жөнүндө маалымат берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
  4. Маршруттук каттамдагы  автоунаалардын  техникалык  жана  санитардык  абалын  жакшыртуу,  жүргүнчүлөрдү  тейлөө  маданиятын  көзөмөлдөө “Автобекет” муниципалдык ишканасынын администрациясына  милдеттендирилсин
  5. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик  тилде  кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына  жарыялансын.
  6. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык  менчик коммуналдык  чарба жана өнөр жай     транспорт, ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри  Б.Жантаевге тапшырылсын.

Кеңештин төрагасы                                                            _________ Д.Ж.Аманалиев

Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей