Улук кызмат ордуларына негизги мыйзам актыларын билүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
3.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
6.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.
Балыкчы шаарынын мэриясынын коомчулук
менен байланыш жана уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим (гуманитардык илимдер: юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер; экономика жана башкаруу: экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг; маалымат коопсуздугу: маалымат коопсуздугу; тейлөө сферасы)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча предметтик тестирлөөгө төмөндөгү мыйзамдарды билүү:
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамын;
Байланышчу адам: башкы адис Асхат Кулушев т. 0702 885 624 (w/a)



