ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ

Балыкчы шаарынын Аманбаев -Манас көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 11.90га, 1,5га жана 4,29га жер тилкелерин Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына ылайык Балыкчы шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Балыкчы шаарынын Ж.Аманбаева көчөсү №178 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 2-07-03-0062-0413 жер аянты 11.9 га болгон жер тилкесин;
  • Балыкчы шаарынын Ж.Аманбаев көчөсү №208/3 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 2-07-03-0062-0409 жер аянты 5137,0 чарчы метр болгон жер тилкесин;
  • Балыкчы шаарынын Далбаев көчөсү №37/1 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 2-07-03-0062-0408 жер аянты 9622,0 чарчы метр болгон жер тилкесин;
  • Балыкчы шаарынын Алиева көчөсү №167 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 2-07-03-0062-0414 жер аянты 4.29га болгон жер тилкесин ипотекалык турак жай куруу үчүн Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга өткөрүп берүүгө макулдук  берилсин.
  1. Балыкчы шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык 11.9га жер аянтында жайгашкан С-1 зонасы Ж-5 зонасына которулсун.
  2. Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге — план схемада көрсөтүлгөндөй 11.9 га жер тилкесине соц.объекттерди (мектеп, бала-бакча, футбол аянтча) куруу боюнча зарыл чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
  3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик  тилде  кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына  жарыялансын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура,  коммуналдык  чарба, өнөр  жай, транспорт  жана  ишкердикти  өнүктүрүү    боюнча  депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы                                                            _________ Д.Ж.Аманалиев

Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММБ-1, Балыкчы газетасы.-1, юст.башкармалыгы-2

 

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей