18-март айы 2024- ж. № 3
Балыкчы шаардык Кенешинин Уставы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 7-февраль 2024-жылдын ПЖ №24 Жарлыгынын 1 пунктуна жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши жөнүндө” убактылуу жобосунун 2-главасынын 9 пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин № 01-25/77 06.03.2024-ж. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн типтүү жобосунун №3 тиркемесинин негизинде Балыкчы шаардык кенештин депутаттык жумушчу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Жарлыгынын негизинде Балыкчы шаардык Кеңешинин Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана кайра каттоодон өткөрүүгө сунуш берилсин.
Юридикалык дареги. Кыргыз Республикасы Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, № 252
2. Балыкчы шаардык кенешинин 21.10. 2010-жылдагы XXV чакырылышынын IX сессиясынын Балыкчы шаардык Кеңешинин Уставын бекитүү жөнүндөгү кабыл алынган № 6 токтомунун күчү жоготту деп табылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актысы Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялангандан тартып күчүнө киргизилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Балыкчы шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Балыкчы газетасына-1, Юстиция башкармалыгына-2
Кененирээк ТОКТОМ 1