22-апрель айы 2024- ж. № 3
Балыкчы шаардык токой чарбасынан берилген
33,07 жер тилкесинен 29.22 га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Балыкчы токой чарбасына тиешелүү болгон шаардын күн батыш тарабындагы экопосттун аймагында жайгашкан 50,0 га жер тилкеси такталып, Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясынын №3 токтомуна ылайык Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу боюнча ар тараптуу иштер аткарылып, мындан ары
згөртүү максатында муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана курулуш иштерин жүргүзүүмаксатында Балыкчы шаар мэриясынын 18.04.2024-ж. № 01-19/1526 кайрылуусуна ылайык депутаттык туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык карап, талкуулап Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Балыкчы шаардык токой чарбасына тийиштүү болгон болгон 50 га деп берилген жер тилкеси 33,07 га жер тилкеси деп өзгөтүлсүн.
2. Балыкчы шаарынын батыш тарабындагы Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Балыкчы токой чарбасына тиешелүү контур №1003 бош жаткан жерлеринен 3,85 га жер аянтарын Этно шаарча долборлоо, тарыхый-маданий обьектерин куруу үчүн «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер » категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
3. Балыкчы шаарынын батыш тарабындагы Көк-Мойнок айыл аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Балыкчы токой чарбасына тиешелүү жалпы аянты 29,22 га анын ичинен №1 участок контур №53 2,57га токойлуу жерлер, №2 участок контур №62 2,70га токойлуу жерлер, контур №63 5,10га токойлуу жерлер, контур №64 1, 10га токойлуу жерлер, контур №65 0,40га жайыт жерлер, контур №66 0,50га башка жерлер, контур №67 0,65га башка жерлер, контур №68 7,30га жайыт жерлер, контур №69 1,20га жайыт жерлер, контур №72 7,70га жайыт жерлер жана Балыкчы шаарынын батыш тарабындагы Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Балыкчы токой чарбасына тиешелүү контур №1003 бош жаткан жерлеринен 3,85 га жер аянтарына Этно шаарча долборлоо, тарыхый-маданий обьектерин куруу үчүн «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер » категориясына которулгандан кийин жалпы аянты 33,07га жер тилкесин муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин.
4. Балыкчы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (Ш.Т. Карипов), Балыкчы шаар аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Балыкчы шаардык бөлүмүнүн башчысы- (А.К.Асакеев) макулдашылган такталган жер тилкелери боюнча тиешелүү талаптарга ылайык иш кагаздарын жүргүзүү менен кабыл алуу тапшырылсын.
5. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун юстиция
башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын
реестрине каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
7. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына , мэриянын сайтка жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кенешининг курулуш архитектура жана муниципалдык менчик коммуналдык чарба,өнөр жай, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссияга Балыкчы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, ММБ-1, мэрия-1. Балыкчы газетасына-1, Балыкчы токой чарбасы мекемесине-1, Облюстка-1
Кененирээк ТОКТОМ 2