ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХХIХ – СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХХIХ – СЕССИЯСЫНЫН

“Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү” жана “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясын жана жоболорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине, Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына, ошондой эле Балыкчы шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жарандарды сыйлоо жана коомчулуктун сунуштарын кароо максатында, Балыкчы шаардык кеңеши токтом кылат:

1. «Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссия жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Балыкчы шаарындагы аталыштарды өзгөртүү жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. «Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссия токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

4. Коомдук комиссиялар өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына жана ушул токтом менен бекитилген жоболорго ылайык жүргүзүшсүн.

5. Балыкчы шаарынын мэриясына:
— коомдук комиссиялардын ишин уюштурууга көмөк көрсөтүү;
— комиссиялардын иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
— комиссиялардын ишинин ачык-айкындуулугун жана коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу сунушталсын.

6. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

7. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаарынын мэринин орун басарына жана шаардык кеңештин алдындагы Социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча
депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

_____________________________________________________________
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, мэрияга-1

Кененирээк

Балыкчы шаарындагы чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жөнүндө жобо

Балыкчы шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын (макамын) ыйгаруу тууралуу жобо

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей