23-июль,2026 жылы Балыкчы шаарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана балдарыбызга заманбап билим берүү шарттарын түзүү багытында дагы бир ири долбоор ишке аша баштады.
№7 «Келечек» бала бакчасынын жаңы имаратынын курулушуна расмий түрдө капсула салынып, курулуш иштерине старт берилди.
Долбоор тууралуу негизги маалыматтар:
• Курулуш иштери Балыкчы шаарынын мэриясы жана «Ас-Сафа» коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылууда.
• Мурдагы эскирген имарат толугу менен сүрдүрүлүп, анын ордуна заманбап бардык шарты бар, эки кабаттуу жаңы имарат курулат.
• Жаңы бала бакча 170 балага ылайыкташтырылып, акыркы үлгүдөгү эмеректер жана коопсуз оюн аянтчалары менен камсыз болот.
Бул долбоор шаарыбыздагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги орун жетишсиздиги маселесин чечүүгө чоң салым кошот. Келечегибиз болгон балдарыбыз үчүн жасалып жаткан бул сонун демилге куттуу болсун!



