Улук административдик муниципалдык кызмат ордуларына квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:
- Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) муниципалдык кызмат үчүн — 18 жаштан жаш болбоого;
Негизги мыйзам актыларын билүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Балыкчы шаарынын мэриясынын коомчулук
менен байланыш жана уюштуруу боюнча бөлүмү:
Бөлүм башчы (У-А)
Башкы адис (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим (гуманитардык илимдер: юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер; экономика жана башкаруу: экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг; маалымат коопсуздугу: маалымат коопсуздугу; тейлөө сферасы)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Балыкчы шаарынын мэриясынын
башкы адиси-юристи (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: (гуманитардык илимдер: юриспруденция)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
- Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык Процесстик Кодексин;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 25 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майы ПЖ № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгын;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген) тиркелет:
- жеке арыз;
- жеке эсепке алуу баракчасы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
- соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө справка.
Арыз берүүнүн мөөнөтү: 2026-жылдын 29-июндан 8-июль аралыгында.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0394432771
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.
Байланышчу адам: башкы адис Асхат Кулушев т. 0702 885 624 (w/a)



