2026-жылдын 23-июнунда, Балыкчы шаарында тургундар жана коноктор үчүн чоң кубанычтуу окуя орун алды — жаңыланган “Балыкчы паркынын” расмий ачылыш аземи өттү.
Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаевдин тапшырмасы менен мурунку “Чернобыль” паркы толугу менен реконструкциядан өтүп, заманбап коомдук жайга айланды. Аткарылган бардык курулуш жана жашылдандыруу иштеринин сапаты шаар башчысынын жеке көзөмөлүндө болду.
Долбоордун алкагында аткарылган комплекстүү иштер :
•Парктын жашыл аймактарын өз убагында сугаруу үчүн автоматташтырылган тутум курулуп, түшүмдүү кара топурак жеткирилип пайдаланылды.
•Ички жолдорго толугу менен брусчатка төшөлүп, ыңгайлуу отургучтар орнотулду.
• Кичинекей тургундардын жигердүү эс алуусу үчүн заманбап оюн комплекси жайгаштырылды.
•Парктын борбордук бөлүгүнө кооз декоративдүү фонтан курулуп, негизги кире беришине аркалуу конструкция орнотулду.
• Кечки убакта коопсуз сейилдөө үчүн парктын бардык бөлүгүнө заманбап жарыктандыруу тутуму тартылды.
Жаңыланган парк шаардыктардын жана коноктордун бош убактысын жагымдуу, маанилүү өткөрө турган эң сүйүктүү борборлорунун бирине айланмакчы. Шаарыбызды көрктөндүрүү иштери улантылат!







