Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсебин (прейскурант) бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-13/2289 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап,
Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын техникалардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби (прейскурант) №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык ” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү био-туалеттин акы төлөнүүчү тейлөө кызматына карата (прейскурант) нарк эсеби №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Балыкчы шаардык Кенешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы XIII-сессиясынын “Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын унаа тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби ( прейскуранты ) жөнүндө” №6 токтомдору жокко чыгарылсын
4. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
5. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



