ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIV СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIV СЕССИЯСЫ

Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсебин ( прейскурант ) бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-майындагы №01-13/1939 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап,
Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби (прейскурант) №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаардык Кенешинин 2018-жылдын 24-июнундагы №4, 2021-жылдын 16- мартындагы №5, 2022-жылдын 18-августундагы №5 Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги атайын
техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата нарк эсеби (прейскуранты) жөнүндө” токтомдору жокко чыгарылсын
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы                                                            _________ Д.Ж.Аманалиев

Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей