ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIII–СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIII–СЕССИЯСЫ

Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги №01-13/1684 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боз үйлөр шаарчасын уюштуруу үчүн, Балыкчы шаарынын түштүк тарабындагы ДЭУ участогунда жайгашкан, жалпы аянты 3,1 га (1994-жылдагы ИНВ материалдарына ылайык, контур №410) мамлекеттик менчик жер тилкесин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Балыкчы шаарынын мэриясына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында
https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы                                                            _________ Д.Ж.Аманалиев

Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей