Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин коргоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 33, 34 жана 69- беренелерине ылайык, муниципалдык менчикти коргоо, мыйзамдуулукту калыбына
келтирүү жана аймактык жамааттын кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Балыкчы шаардык кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык кеңешинин атынан муниципалдык менчиктеги жер тилкесин коргоо боюнча чараларды көрүү мыйзамда каралган башка талаптар менен сотко кайрылуу демилгеси колдоого алынсын.
2. Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык кенештин төрагасы Д.Аманалиевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



