ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIII–СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIII–СЕССИЯСЫ

Жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле шаардык кеңештин алдындагы агрардык саясат, жайыт жана экология маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап шаардык кеңеш, токтом кылат:

1. 2026-жылга Балыкчы шаарынын аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026-2030-жылдарга (5 жылга) карата планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин

3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына баа берүү жөнүндө корутунду 3- тиркемеге ылайык бекитилсин

4. Балыкчы шаарынын мэриясы:
— 2026–жылга Балыкчы шаарынын аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча бекитилген планды ишке ашырууну камсыз кылсын жана жылдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө маалымат даярдасын.

5. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

6. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы агрардык саясат, жайыт жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы                                                            _________ Д.Ж.Аманалиев

Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей