Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги №01-13/1684 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз үйлөр шаарчасын уюштуруу үчүн, Балыкчы шаарынын түштүк тарабындагы ДЭУ участогунда жайгашкан жалпы аянты 3,1 га (1994-жылдагы ИНВ материалдарына ылайык, контур №410) мамлекеттик менчик жер тилкесин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



