Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамааттын ТИПТҮҮ УСТАВЫ

Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамааттын ТИПТҮҮ УСТАВЫ

Биз, Балыкчы шаарынын аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган
жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.

1. Жалпы жоболор
1.1. Шаардын жергиликтүү жамаатынын Уставы —шаардык кеңештин токтому менен бекитилет, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Балыкчы шаарынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.

2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат – Балыкчы шаарынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер — жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар — мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү
жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей