Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-февралындагы №01-13/614 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев №154, идентификациялык коду №2-07-04-0061, жер тилкеси жана мүлкү менен мамлекеттик менчик объекттерин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
-муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, ММК-1 юст.башкармалыгы-1



