Бaлыкчы шаарынын мэринин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёту,
2026-жылга карата иш чаралар планы жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэринин 2025-жылдын жыйынтыгы, 2026-жылга карата иш
чаралар планы жөнүндө маалыматын жана депутаттык туруктуу комиссиялардын
сунуштарын угуп, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын мэри Жантаев Баатырбек Темиржановчтин 2025-жылдын
жыйынтыгы боюнча шаар аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү
бюджеттин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын
аткарылышы тууралуу жана 2026-жылга милдеттери (программа, планга өзгөртүү,
толуктоо) жөнүндө отчёттук маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Балыкчы шаарынын мэринин 2026-жылга карата иш чаралар планы 1-тиркемеге
ылайык бекитилсин. https://balykchy.gov.kg
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого
алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук
актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы
социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика
жана регламент маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы
шаарынын мэрине жүктөлсүн
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев____
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, юст.башкармалыгы-1, ММК-1



