Балыкчы шаарынын мэринин 2025-жылдын жыйынтыгы, 2026-жылга карата иш чаралар планы жөнүндө маалыматын жана депутаттык туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаарынын мэри Жантаев Баатырбек Темиржановчтин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаар аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу жана 2026-жылга милдеттери (программа, планга өзгөртүү, толуктоо) жөнүндө отчёттук маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Балыкчы шаарынын мэринин 2026-жылга карата иш чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий вебсайтында жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин
Экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, юст.башкармалыгы-1, ММК-1



