Бюджет эркин алдык Кенешке Негиздеме

Бюджет эркин алдык Кенешке Негиздеме

  1. Максат жана милдет

Негизги максаты жана милдети – Балыкчы шаарынында жана калктуу конуштарында социалдык  маселе болгон  мектепке чейинки билим беруужана  жалпы билим берүү багытында калкка кызмат көрсөтүүнүнүн сапатын жакшыртуу жана  бул багытта шарт түзүү болуп саналат.

  1. Баяндоочу бөлүк

№1 маселе:  2025-жылга карата сунушталган дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу үч долбоор жүйөлүү себептер менен республикалык бюджеттен   каржыланбай калгандыгына байланыштуу, 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эркин калдыгынын эсебинен 7442,3 миң сом акча каражатын чечип берүү боюнча:

Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жылга карата (Үлүштүк) дем берүүчү гранттарды долбоорлоонун  алкагында социалдык объекттерди капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоорлор иштелип чыгып, белгиленген тартипте конкурстар жарыяланган. Төмөнкү объекттер боюнча конкурс өткөрүү каралган:

Балыкчы шаарынын №4 З. Исаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүү долбооруна 2 007,4 миң сом;

Балыкчы шаарынын №6 С. Каралаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүү долбооруна 2 434,9 миң сом;

              Балыкчы шаарынын № «Жомок» бала бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүү долбооруна — 3 000,0 миң сом;

Жогоруда көрсөтүлгөн объекттер боюнча сметалык эсептөөлөр жана дефекттик актылар толук көлөмдө түзүлгөн.

2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Балыкчы шаардык финансы бөлүмү менен тиешелүү макулдашуу түзүлгөн.

2025-жылдын 5-июнь күнү мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу конкурс жарыяланып, 2025-жылдын 20-июнь күнү портал ачылган. Конкурска 1 (бир) подряддык уюм — ОсОО «Империя» катышкан. Тендердик комиссия тарабынан конкурстун жыйынтыгы 2025-жылдын 18-июль күнү аныкталган.

Бирок 2025-жылдын 14-июль күнү Балыкчы шаарынын мэриясында  башкармалык алмашкандыгына байланыштуу, 2025-жылдын 11-сентябрындагы №485 тескеме менен мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылган.

Конкурстук процедура жокко чыгарылгандыгына жана иштерди өз убагында аткаруунун зарылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык подрядчы уюм менен түздөн-түз келишим түзүү (прямым заключением) чечими кабыл алынган.

Анын негизинде, 2025-жылдын 19-сентябрында белгиленген тартипте «Кыргыз Сервис Строй» компаниясы менен түздөн-түз келишим түзүлгөн.

Тактап айтканда конкурстук процедуранын жокко чыгарылышын, долбоорлордун ишке ашырылуу тартибинин өзгөрүшүн жана түздөн-түз келишим түзүү чечиминин кабыл алынышын жана аба ырайынын кескин өзгөрүшү терс таасир тийгизгендигин эске алуу менен, Балыкчы шаарынын мэриясы 2025-жылга карата каралган (Үлүштүк) дем берүүчү гранттардын каражаттарынан пайдалануу мүмкүн болбой калган.

Жогоруда баяндалган жагдайларды  эске алуу менен, (Үлүштүк) дем берүүчү гранттардын эсебинен республикалык бюджеттен Балыкчы шаары боюнча 9,0 млн сомго каржылануучу 3 долбоордон баш тартуу боюнча 2025-жылдын декабрь айында №01-19/9252 каты менен Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине жана кайрадан 2026-жылдын 15-январында  №01-12/72 каты менен  кайрадан кайрылуу жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда, аталган долбоорлор боюнча подрядчы менен жалпы 14 519,8 миң сом акча каражатына келишим түзүлүп, келишимдин шарттарына ылайык, 7 077,5 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатына тиешелүү оңдоп-түзөө иштери аткарылып, учурда калган иштерди бүткөрүү улантылып жатат.

 

Кененирээк

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей