ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХIХ –СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХIХ –СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 23-декабрь айы №93

Балыкчы шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28- февралындагы №15 “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын отканаларын жандандырып, ишке киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы кредиттик фондунан бюджеттик кредит алганга жана күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34 жана 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31 жана 78-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы №424 токтомуна ылайык Балыкчы шаардык кеңеши,

токтом кылат:

Балыкчы шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28- февралындагы №15 “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын отканаларын жандандырып, ишке киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы кредиттик фондунан бюджеттик кредит алганга жана күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1. “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” МИ төмөнкүлөргө макулдук берилсин:

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 27,0 млн. сом суммасында бюджеттик кредит алууга
— Бюджеттик кредит боюнча милдеттенмелерин камсыздоо үчүн “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомуна “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” МИнин №4 ПКМ отканасын жер участогу жана ичиндеги жабдуулары менен (баасы 13 263 846,28 сом) жана №15 Соң-Көл отканасын жер участогу жана ичиндеги жабдуулары менен (баасы 16 684 504,87 сом) күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2. Балыкчы шаарынын мэриясы жана “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” МИ белгиленген тартипте:
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кредиттик келишим жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коому менен күрөө келишимин түзүү боюнча тиешелүү иштерди алып барышсын;
— ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланышын жана өз убагында кайтарылышын камсыз кылышсын.

3) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Ушул токтом тиркемеси менен Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-сайтында жана массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актысы каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                                                                                                    Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, мэрия-1, Балыкчы газетасына-1, “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” МИ-1. ММБ-1, юст.башкармалыгы-1

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей