Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 1,0 га жер аянтын өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 01-13/6509 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок-1 айылынын чыгыш тарабында Чүй суу боюнда участогундагы контур №146 жайгашкан идентификациялык коду: 2-07-07-0010-1322 жалпы 1,0 га жер аянты Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык мүлк башкаруу” муниципалдык ишканасына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, БшММБ МИ-1, ММК.-1, мам.каттоо-2



