Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3- декабрындагы “Балдарга жана жаштарга ыцгайлуу шаар конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №728 токтомунун негизинде “Жаштарга ынгайлуу шаар” конкурсу жарыяланды.
Балыкчы шаарынын жаштар саясаты боюнча 2024-жылда аткарылган иштери боюнча маалымат
Жаштар менен иштөөнүн негизги багыттары:
1.Спорттук иш-чаралдарды уюштуруу;
2. Маданий иш-чараларды өткөрүү;
3. Экология, айлана-чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу жана тазалык иш-чаралары;
4. Кайрымдуулук иштерди жасоо (фандрайзинг);
5. Инвестиция тартуу, долбоорлорду жазуу жана ишке ашыруу;
6. Жумуш орундарын түзүү, жаштар арасында профориентация, бош орундар жарманкесин уюштуруу;
7. Шаардык, облустук, республикалык, эл аралык коомдук иштерге активдүү катышуу.
Жаштар менен иштөөнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр:
1. жергиликтүү жаштардын маданий, социалдык-экономикалык муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле жаштар өзүн өзү ишке ашыруу үчүн кызмат көрсөтүү;
2. жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик жаштар саясатын жана жергиликтүү коомду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга өспүрүмдөрдүн жана жаштардын катышуусун камсыздоо, чечимдерди кабыл алуу процессине тартуу;
3. жаштар демилгелерин колдоо үчүн шарттарды түзүү жана жаштардын адеп-ахлактык, интеллектуалдык, чыгармачыл жана физикалык потенциалын өнүктүрүү.
1. 10-январь 2024-жылы Балыкчы шаарынынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылар тобу менен жыйын өтүлдү. Жыйындын алкагында алдыга койгон ой-максаттарын, өткөрүлүп жаткан жана өтүлүчү иш-чаралар талкууланды.
2. 15-16 январь 2024-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда Кызматкерлердин кесиптик билимдеринин жана көндүмдөрүнүн ээлеп турган кызматына шайкеш келишин аныктоо, кесиптик чеберчилигинин жана квалификациясынын өсүшүнө түрткү берүү, чыгармачылык активдүулүгүн жогорулатуу, кызмат боюнча көтөрүү максатында Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан Балыкчы шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучуларынын жана кызматкерлеринин кезектеги аттестациялоосу өтүлдү.
3. 17-январь 2024-жылы Балыкчы шаарында “Media development center” коомдук фондунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин уюштуруусунда “Жарандык коом уюмдарынын долбоорлорунун жергиликтүү өнүгүүгө тийгизген таасирин баалоо” аталышындагы фокус-топ форматындагы иш-чара болуп өттү.
Жыйынга өкмөттүк эмес уюмдардын бенефициарлары болгон жергиликтүү тургундар, коомдук бирикмелер, фонддор, мэриянын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жаштар катышты. Эң башкысы жергиликтүү өнүгүүгө өкмөттүк эмес уюмдардын салымы жөнүндө өкмөттүк эмес уюмдар менен иш алып барган адамдардын пикирлерин билүү максаты коюлган.
Иш-чарада долбоордун эксперттери жана Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасынын өкүлдөрү фокус-топтун максаты менен милдеттери тууралуу айтып беришти. Долбоорлор тургундардын, бизнестин же жергиликтүү бийликтин турмушуна, иштерине, окуусуна жана башка муктаждыктарга кандайча таасир берип жатканы, оң жана терс натыйжалар, өзгөрүүлөр жалпы талкууга коюлду. Долбоорлордун инфраструктура, билим берүү, көндүм жана технологиялар жаатында жүзөгө ашырылганын фактыларга ылайык түшүндүрмөлөр берилди. Ийгиликтүү долбоорлорду “жаратуучулары” жана алардын “каармандары” аныкталды.
4. 3-февраль 2024-жылы Ысык-Көл облусунун Ю-РЕПОРТ ыктыярчыларынын Каракол шаарында жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда жакынкы айларга иш-чаранын пландары жана конкурстарды өткөрүү талкууланды.
Ошондой эле жолугушууда жаңы ыктыярчылар менен таанышып, аларга биздин долбоорлорубуздун маалымат берип, презентациялар көрсөтүлдү жана өзгөчө кырдаалдарда алдын ала биринчи жардам көрсөтүштү дагы үйрөттү болуп өттү.
Жолугушууга Балыкчы шаарынын ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын ментору Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, Амантурова Айназик жана Садыралиева Айжамал ыктыярчылары, ошондой эле дагы Ю-РЕПОРТ ыктыярчылары Сариева Алиман, Адельханов Алибек, Ишенбеков Абдулбари жигердүү катышып келишти.
5. 5-6 февраль күндөрү, Балыкчы шаарында конфликттердин алдын алуу жана медиация боюнча «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фонду тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, жамааттардын лидерлеринин, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн, медиаторлордун ошондой эле жаштар, илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда эки күндүк тренинг болду.
Окутуунун максаты жер-жерлердеги медиаторлордун дараметин арттыруу жана тренгигдердин жүрүшүндө топтолгон маалыматтын негизинде “Чыр-чатактарды медиация аркылуу чечүү” окуу курсун өркүндөтүү.
Албетте, чыр-чатактардын түпкү себептери жергиликтүү контекст, шарттарга жараша келет, андыктан, бул тренингдер жана окутуу курсту такшалтуу өлкө боюнча башка жерлерде да өткөрүлмөкчү.
Чыр-чатактар болбой койбос, бирок аларды маалында алдын-алуу жана чечүү тынчтык курууга жана калктын биримдигин бекемдөөгө өбөлгө. Иш-чаралар БУУӨПтүн колдоосу менен «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» тарабынан уюштурулду.
6. 2024-жылдын 9-февралында Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутуу боюнча мугалимдерге тренинг болуп өттү. «Чыгырык» билим берүү долбоорунун алкагында — Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин каржылык колдоосу менен EFCA-ФЕЦА Фонду тарабынан ишке ашырылган коопсуздуктун алдын алуу чарасы катары оюн.
Тренингдин алкагында катышуучулар:
— Биз мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуунун учурдагы ыкмаларын изилдедик.
— Биз диндер аралык диалогду эске алуу менен “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окутуунун заманбап ыкмалары менен тааныштык.
— Билим берүү жана экстремизмдин алдын алуу жаатында кесиптештер жана тренерлер менен тажрыйба алмашышты.
Ошондой эле оюндар болду: Мен киммин? Бул эмне? окуучулардын логикасын өнүктүрүүгө, суроолорду туура түзүүгө, чыгармачылык жана чыгармачылык жөндөмдөрдү, актёрдук чеберчиликти өнүктүрүүгө багытталган.
Дүйнөлүк жана салттуу диндердин тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу билимдердин негиздерин үйрөтүүгө багытталган «Акылдуу жана акылдуу» викторинасы.
“Менин дүйнө таанымым” жаштарды критикалык ой жүгүртүүгө жана аналитикалык ой жүгүртүүгө жана алардын жашоосундагы диндин ролуна түрткү берүүгө багытталган.
“Миф жана чындык” сүйлөө жана аналитикалык көндүмдөрдү, критикалык ой жүгүртүүнү, өз позициясын талашууну, маалымат издөөнү жана талдоону өнүктүрүүгө багытталган.
Катышуучулар мазмундуу лекциялар, интерактивдүү талкуулар жана экстремизмдин алдын алуу жана диний темаларды окутуу боюнча татаал маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Уюштуруучулар бул маанилүү иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык катышуучуларга, баяндамачыларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.
Алынган билим жана көндүмдөр мугалимдерге зордук-зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окутуу жаатында натыйжалуу иштөөгө жардам берет деп ишенебиз.
7. 12-февраль 2024-жылы Балыкчы шаарында жергиликтүү бийлик, Шаардык Кеңеш, юридикалык мекеме жана “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүлүп, “Коррупциянын алдын алуу чараларын иштеп чыгууда жаштардын катышуусу” темасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тренингдерди өткөрүүнүн жол-жоболору талкууга алынды.
Окутуу эки ай аралыгында 14-18 жаштагы мектеп окуучуларына, кесиптик лицейдин студенттерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине, Шаардык Кеңештин депутаттарына, коомдук бирикмелердин лидерлерине жана жарандык активисттерге өткөрүлөт.
Катышуучулар коррупциянын тийгизген таасири, ага каршы күрөшүүнүн маанилүү механизмдери боюнча маалыматтарын тереңдете алышат. Башкы максат шаардагы коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана жаштардын билим деңгээлин, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жарандык демилгелерге көмөктөшүү болуп саналат.
Коррупция маселелерин жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө боюнча борбор азиялык институтунун кичи грантын “Данко” аялдарды жана жаштарды колдоо коомдук фонду утуп алган. Долбоор АКШнын элчилигинин демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.
“Аракетке – берекет” демекчи өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана коомчулуктун ишенимин арттыруу максатында олуттуу кадамдар жасалып, кызмат көрсөтүүнүн көпчүлүк процесстерин электрондук негизде автоматташтырып, адам факторунан арылуу иштери аткарылууда.
“Данко” бейөкмөт уюмунун түптөөчүлөрүнүн бири Нурбүбү Керимова өткөн айда 16 мамлекеттик эмес уюмдардын арасынан бул чакан долбоорду жеңип алышканын, шаардагы 10 мектеп жана 1 кесиптик лицейдин окуучуларын камтып, аларга коррупция боюнча түшүнүк берүү максаты коюлганын билдирди. Алдыда коррупцияга каршы турган чет өлкөлүк кыймылдар менен жергиликтүү жаштар ортосунда байланыш түзүп, тил үйрөнүп, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү менен бирге ал жакка барып тренингдерге катышуусуна колдоо көрсөтүүнү көздөп жатышканын айтты.
Алгач юрист студенттердин жарандарга юридикалык консультация берүүсүнөн ишин баштаган бул уюм учурда жарандардын укуктарын коргоо, ар кыл колдоолорду көрсөтүү, чет өлкөлөрдө кулчулукка кабылгандарды бошотуу өңдүү көп иш-аракеттерди жүргүзүп, терс көрүнүштөрдү алдын-алуу жана экология маселелерин чечүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.
8. 3-март 2024—жылы аба ырайына карабастан, Балыкчыда 40 км — «Balykchy Road Race» укмуштуудай веложарыш болуп өттү.
Жарыштын катышуучулары экинчи айлампага чогулуп, өздөрүн жана велосипеддерин сыноо менен Кочкор районуна чейин барып, жеңүүчү наамы үчүн ат салышты.
Жарыштын жеңүүчүлөрү:
1-орун-Капинос Игорь, Калысбеков Алтынбек
2-орун-Молдобеков Актан, Шейшеналиев Баяман
3-орун-Кубанычбеков Актан, Ташев Нурмухамед, Султанов Давлет
Алар мыкты спорттук жөндөмүн көрсөтүштү жана велосипед тебүүгө болгон кумарлануу бардык тоскоолдуктарды жеңерин далилдешти.
Веложарышка бардыгы болуп 25 адам катышты, анын ичинен 6 катышуучу Бишкектен.
«Balykchy Cycling Club» уюмунун уюштуруучулары иш-чараны колдоого келген бардык катышуучуларга, Бишкектен келген конокторго, ошондой эле жарыштын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкондорго ыраазычылык билдиришти.
9. 3-5 март 2024-жылы Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн 10 мектеп окуучулары, Т.Ибраев атындагы №22 кесиптик лицейдин, Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжтин, И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы Балыкчы техникалык колледжтин студенттери, жаштар жана ошондой эле Балыкчы шаарынын мекеме жетекчилери менен биргеликте Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун демилгеси менен 3-март Туу күнүнө жана 5-март Ак калпак күнүнө карата жоо жүрүш болуп өттү. Мамлекетибизде тынчтык болуп, элибиздин биримдиги бекем болсун!Бардыгыңыздарды чың журөктөн куттуктайбыз!
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №285 6-токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улутук символ катары кийинки муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнун майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5-март Ак калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын кундөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы статус алган.
Кылым карыткан кыргыз калкым, кыргыз элимдин эр жүрөк мырзалары бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктайбыз!
10. 11-март 2024-жылы Балыкчы шаарынын БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду уюмунун ыктыярчылары Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, Амантурова Айназик Усенбековна, Садыралиева Айжамал Тилектешовна жана Өзгөчө Кырдаал Министрлигинин кызматкери тарабынан «Коопсуз мектептер» долбоордун негизинде №7 Калыгул Бай уулу, №10 Манас атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринде жарандык коргонуунун негиздерин үйрөтүүгө жана аларды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоого багытталган. Бул долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын, мугалимдердин, мектеп администрациянын өзгөчө кырдаалдар учурунда аракетке даярдыгын жогорулатуу максатында атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар ар кандай коркунучтарга туура жооп кайтарууну, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүнү, имаратты эвакуациялоону, жеке коргонуу каражаттарын түрлөрүн үйрөнүштү. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкери жана ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мектеп окуучуларына өрт, жер титирөө, сел, кар көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүү боюнча сабактарды өткөрүштү.
«Коопсуз мектептер» долбоорунун аркасында мектеп окуучулары жарандык коргонуу боюнча гана билимге ээ болбостон, өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактап кала турган практикалык көндүмдөрдү да ала алышты.
11. 12-март 2024-жылы Балыкчы шаарынын БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду уюмунун ыктыярчылары Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, Амантурова Айназик Усенбековна, Садыралиева Айжамал Тилектешовна жана Өзгөчө Кырдаал Министрлигинин кызматкери тарабынан «Коопсуз мектептер» долбоордун негизинде №5 Чыңгыз Төрөкулович Айтматов, №8 Кычан Жакыпов атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринде жарандык коргонуунун негиздерин үйрөтүүгө жана аларды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоого багытталган. Бул долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын, мугалимдердин, мектеп администрациянын өзгөчө кырдаалдар учурунда аракетке даярдыгын жогорулатуу максатында атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар ар кандай коркунучтарга туура жооп кайтарууну, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүнү, имаратты эвакуациялоону, жеке коргонуу каражаттарын түрлөрүн үйрөнүштү. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкери жана ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мектеп окуучуларына өрт, жер титирөө, сел, кар көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүү боюнча сабактарды өткөрүштү.
«Коопсуз мектептер» долбоорунун аркасында мектеп окуучулары жарандык коргонуу боюнча гана билимге ээ болбостон, өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактап кала турган практикалык көндүмдөрдү да ала алышты.
12. 13-март 2024-жылы Балыкчы шаарынын БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду уюмунун ыктыярчылары Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, Амантурова Айназик Усенбековна, Садыралиева Айжамал Тилектешовна, Ю-Репортер Ишенбеков Абдулбари Бакытбекович жана Өзгөчө Кырдаал Министрлигинин кызматкери тарабынан «Коопсуз мектептер» долбоордун негизинде №3 Канат Аликович Абдылдаев, №6 Саякбай Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринде жарандык коргонуунун негиздерин үйрөтүүгө жана аларды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоого багытталган. Бул долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын, мугалимдердин, мектеп администрациянын өзгөчө кырдаалдар учурунда аракетке даярдыгын жогорулатуу максатында атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар ар кандай коркунучтарга туура жооп кайтарууну, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүнү, имаратты эвакуациялоону, жеке коргонуу каражаттарын түрлөрүн үйрөнүштү. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкери жана ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мектеп окуучуларына өрт, жер титирөө, сел, кар көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүү боюнча сабактарды өткөрүштү.
«Коопсуз мектептер» долбоорунун аркасында мектеп окуучулары жарандык коргонуу боюнча гана билимге ээ болбостон, өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактап кала турган практикалык көндүмдөрдү да ала алышты.
13. 14-март 2024-жылы Балыкчы шаарынын БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду уюмунун ыктыярчылары Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, Амантурова Айназик Усенбековна, Садыралиева Айжамал Тилектешовна, Ю-Репортер Ишенбеков Абдулбари Бакытбекович жана Өзгөчө Кырдаал Министрлигинин кызматкери тарабынан «Коопсуз мектептер» долбоордун негизинде №9 Шаршеналы Күрүчбеков, №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринде жарандык коргонуунун негиздерин үйрөтүүгө жана аларды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоого багытталган. Бул долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын, мугалимдердин, мектеп администрациянын өзгөчө кырдаалдар учурунда аракетке даярдыгын жогорулатуу максатында атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар ар кандай коркунучтарга туура жооп кайтарууну, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүнү, имаратты эвакуациялоону, жеке коргонуу каражаттарын түрлөрүн үйрөнүштү. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкери жана ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мектеп окуучуларына өрт, жер титирөө, сел, кар көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүү боюнча сабактарды өткөрүштү.
«Коопсуз мектептер» долбоорунун аркасында мектеп окуучулары жарандык коргонуу боюнча гана билимге ээ болбостон, өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактап кала турган практикалык көндүмдөрдү да ала алышты.
14. 15-март 2024-жылы Балыкчы шаарынын БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду уюмунун ыктыярчылары Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, Амантурова Айназик Усенбековна, Садыралиева Айжамал Тилектешовна, Ю-Репортерлор Ишенбеков Абдулбари Бакытбекович, Алибек жана Өзгөчө Кырдаал Министрлигинин кызматкери тарабынан «Коопсуз мектептер» долбоордун негизинде №1 Лев Николаевич Толстой, №4 Зайракан Исаева атындагы жалпы орто билим берүү мектеп-гимназияларында жарандык коргонуунун негиздерин үйрөтүүгө жана аларды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоого багытталган. Бул долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын, мугалимдердин, мектеп администрациянын өзгөчө кырдаалдар учурунда аракетке даярдыгын жогорулатуу максатында атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар ар кандай коркунучтарга туура жооп кайтарууну, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүнү, имаратты эвакуациялоону, жеке коргонуу каражаттарын түрлөрүн үйрөнүштү. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкери жана ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мектеп окуучуларына өрт, жер титирөө, сел, кар көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүү боюнча сабактарды өткөрүштү.
«Коопсуз мектептер» долбоорунун аркасында мектеп окуучулары жарандык коргонуу боюнча гана билимге ээ болбостон, өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактап кала турган практикалык көндүмдөрдү да ала алышты.
15. 18-19 март 2024-жылы Балыкчыда тарых жана дин өнүгүү тарыхы мугалимдери 7-8-9—класстардын окуучуларына зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана «диндердин өнүгүү тарыхы» предметин окутуу боюнча ачык сабак өткөрүштү. Ачык сабакка бардыгы болуп 65 окуучу, 4 тарых жана дин өнүгүү тарыхы мугалими, долбоордун координаторлору жана фасилитатору катышты.
Ачык сабактын алкагында окуучулар:
— Мектеп окуучулары арасында зомбулук экстремизмин алдын алуунун актуалдуу методикасын үйрөнүштү.
— Диндер аралык диалогду эске алуу менен «диндердин өнүгүү тарыхы» предметин окутуудагы заманбап ыкмалар менен таанышты.
— Билим берүү жана экстремизмдин алдын алуу жаатында кесиптештер жана машыктыруучулар менен тажрыйба алмашышты.
Ошондой эле оюндар өткөрүлдү: Мен киммин? Бул эмне? студенттердин логикасын, суроолорду туура коюуну, чыгармачылык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн, актердук чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган.
Дүйнөлүк жана салттуу диндердин тарыхы жана азыркы абалы жөнүндө билимдин негиздерин үйрөтүүгө багытталган «Акылдуу жана акылдуу» викторинасы.
«Менин дүйнө таанымым» жаштарды сынчыл ой жүгүртүүгө жана аналитикалык ой жүгүртүүгө жана алардын жашоосундагы диндин ролуна үндөөгө багытталган.
«Миф жана чындык» сүйлөө жана аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган, критикалык ой жүгүртүү, өз позициясын талашуу, маалымат издөө жана талдоо.
«Диндердин өнүгүү тарыхы» темасындагы мындай кызыктуу, интерактивдүү, пайдалуу оюн үчүн окуучулар жана мугалимдер долбоордун координаторлоруна ыраазычылыктарын билдиришти.
«Чыгырык» билим берүү долбоорунун алкагында — Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин каржылык колдоосу менен EFCA-ФЕЦА Фонду тарабынан ишке ашырылган коопсуздуктун алдын алуу чарасы катары оюн.
16. 23-март 2024-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда “Eco Sky Team” жана «Dilgir» аттуу демилгелүү топ менен “SDG Youth Leadership Program: Leave No One Behind” / “Эч кимди артта калтырба: Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жаштар лидерлик программасы” алкагында жолугушуу өтүлдү.
Катышуучулар «SandBox» билим берүү программасынын алкагындагы сессияларга катышып, Туруктуу өнүктүрүү максаттары тууралуу көбүрөөк билишти, жаштардын жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү жаатында билимдерин жогорулатышты жана SDG Фонддун принциптери менен таанышышты.
17. 22-23-24 март 2024-жылы Баткен облусуна Республикалык “Жашыл Мурас” жаштар токой отуругузуусу акциясы өтүп,100 жаш баткендиктерди бириктирди!
Жалпы аракет менен 555 итмурун жана 1000 Виргин арчасынын көчөттөрү отургузулду.
Мындан тышкары, катышуучулар питомниктердин аймагында тазалоо иштерин жүргүзүштү.
«Жашыл мурас» кампаниясына Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун атынан эки делегат Каныбеков Абилбийхан Каныбекович жана Искендеров Бакдөөлөт Нурбекович айлана-чөйрөнү коргоого зор шыктануу жана берилгендик менен катышып келишти. Алар бак-дарактарды,көчөттөрдү тигүүгө жана таштандыларды, таштарды тазалоого активдүү катышып гана тим болбостон, өз билимдерин жана тажрыйбаларын башка катышуучулар менен бөлүшүштү.
Иш-чара аяктагандан кийин делегаттар токой отургузууну уюштуруучуларга аткарылган иштер жана мындай маанилүү окуяга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле, алар иш-чарага катышуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген Кыргызстандагы GIZ Германия кызматташтык коому жана Балыкчы шаарынын мэриясына терең ыраазычылыгын билдиришти.
Делегаттар уюштуруучулардын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен токойлорду жана жаратылышты коргоо иштерине толук каражат жумшай алышканын баса белгилешти жана келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга ар дайым даяр экенин билдиришти.
Иш-чара “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте, ЕККУнун Программалык кеңсесинин, Кыргызстандагы GIZ Германия кызматташтык коому, Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен ишке ашырылды.
18. 24-25-26 март 2024-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда Балыкчы шаарынын жарандарына, мектеп окуучуларына, студенттерге, ыктыярчыларга жана ошондой эле журналистерге 3 күндүк семинар-тренинг “Мобилдик медиа мектеби” долбоору алкагында ”Ысык-Көл Толкуну-Волна Иссык-Куля” теле радио каналы тарабынан уюштурулду. Тренингке катышуучулар сапаттуу мазмунду, анын ичинде сүрөттөрдү жана видеолорду түзүү үчүн мобилдик түзмөктөрдү кантип колдонууну жана мобилдик түзмөктөрдө мазмунду иштетүү үчүн түрдүү куралдарды жана тиркемелерди кантип колдонууну, анын ичинде брендин же бизнесин илгерилетүү үчүн мазмунду түзүүнү үйрөнүштү. Жыйнтыгында бардыгына видео тартуу боюнча үй-тапшырмасы берилип уюштуруучулар комиссиясы тарабынан эң жакшы видео репортаж же баян тарткан катышуучулар 5-күндүк медиа лагерге жолдомо алышмакчы.
19. 28-март Балыкчы шаарындагы Эсен Думанаев атындагы маданият үйүндө Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен “Коопсуз өлкө-туруктуу келечек” аталышындагы форум болуп өттү. Иш-чарага шаардын бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери, ардагер милиционерлер, мектеп окуучулары, мугалимдер жана жаштар катышышты. Форумга жана Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү менен тыгыз байланышта иш алып баргандыгы үчүн мугалимдер, кызматкерлер жана Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович ардак грамотасы менен сыйланды.
20. 3-4 апрель күндөрү Бишкек шаарында Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жарандык коом уюмдарын натыйжалуу өнүктүрүү жана укуктук колдоо боюнча Демилгелер» долбоорунун алкагында «Адилет» -укуктук клиникасы тарабынан уюштурулган «Адилет»лидерлик мектебинде окуу курсунан ийгиликтүү өтүп келди. Аталган окутуу курсу былтыр 2023-жылдын 13-апрелинде башталып 4 апрель 2024-жылы аягына чыкты. Адилет»лидерлик мектебинде ар кайсыл аймактардын жаштары катышты.
21. Балыкчы шаарында Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө Шайыр тапкычтар клубу (КВН) Мэрдин кубогу өткөрүлдү. Ага жалпысынан жарым финалдан өткөн 6 мектеп окуучулар командалары катышты. 1-орунду №6 С.Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби ээлеп Мэрдин кубогуна татыктуу болушту. 2-орунду №4 З.Исаева атындагы жалпы орто билим берүү мектеп-гимназиясы жана 3-орун №7 Калыгул Бай уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектеби ээледи.
22. 6-апрелде Балыкчы шаарынын мэриясы, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмү, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борбору жана Евразиялык кызматташтык уюму менен биргеликте VII “Эл аралык Евразиялык билим берүү көргөзмөсү” өткөрүлдү. Иш-чарага Россиянын, Казахстандын жана Беларусиянын 20 жогорку окуу жайынын кафедра башчылары, мугалимдери жана өкүлдөрү катышты. Алар бүтүрүүчүлөргө чет мамлекеттин университеттерине тапшырууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин маалымдашты. Көргөзмөдө мектеп окуучулары, студенттер жана бүтүрүүчүлөр ар кандай багыттар боюнча, билим берүүдөгү жаңы технологиялар жана онлайн окутуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле университеттердин өнөктөшү катары иш алып барган жогорку технологиялык компанияларда окутуудан өтүү боюнча маалыматтар менен камсыз болушту.
2024-жылдын май-июнь айларында, табыштама берген бүтүрүүчүлөрдүн документтерин чет мамлекеттин окуу жайлары кабыл алып, жыйынтыгында алар бюджеттик жана контракттык негизде билим ала алышат.
23. 10-11-12 апрель күндөрү Балыкчы шаарындагы бала бакчаларда «Балдар таза шаар үчүн» аталыштагы таштандыларды сорттоо боюнча даярдык топтордун балдарына тренинг уюштурулду жана сорттоочу таштанды челектери жөнүндө оюн форматында маалымдоолор берилди. Ошондой эле атайын таштанды сорттоочу эко бокстор жана балдарга өнүгүп өсүшүнө энциклопедиялар жана башка белек катарында берилди.
Тренингтин эң негизги максаты бала кезинен экологияга кайдыгер мамиле жасабоо, таштандыларды ирээтке келтирип сорттоо, жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо , жашылдандыруу, экология менен жакшы мамиледе болууга аракеттерди жасоо.
Тренинг GIZ Германия кызматташтык коому тарабынан “Youth4Green―Жаштар кеңештери Кыргызстанда жашыл баалуулуктарды жайылтуудагы өзгөрүүлөрдүн катышуучулары катарында” аталышындагы долбоордун алкагында «Коом жана өнүгүү» коомдук фонду тарабынын ишке ашырылууда.
24. 13-апрель 2024-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун мүчөлөрү, ыктыярчылары жана жетекчиси менен биргеликте «Жашыл Мурас» акциясынын алкагында Балыкчы шаарынын борбордук парктын тегерек четиндеги таштандыларды тазалап, чөп жулушуп жана жалпысы 8 көчөт отургузушту.
25. 2024-жылдын 17-18-19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын борбор шаары Астанада болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган II кыргыз-казак жаштар форуму болуп өттү.
Бул форумга Кыргызстандын атынан жалпы 30 жаш делегат катышты, алардын катарында Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбековичтин сунушу менен Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун мүчөсү, Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгрессинин делегаты жана Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Эдилбеков Нурадил Эдилбекович II кыргыз-казак жаштар форумуна Балыкчы шаарынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен катышып келди.
Форумдун негизги максаты- маданий алмашууга көмөктөшүү, эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле жашыл, санариптик жана креативдүү экономика жаатындагы кызматташтыкты илгерилетүү болуп саналат.
Форумга Казакстандагы жаштар уюмдарынын жетекчилери, студенттер коомчулугунун өкүлдөрү, коомдук активисттер,ыктыярчылар ар кыл тармактагы жаш жигердүү адистер катышышты.
Форумдун жүрүшүндө казак-кыргыз жаштары «Климаттык активдүүлүк-эки өлкөнүн жаштарын баш коштуруунун куралы катары», «Санариптик келечек: Казакстан жана Кыргызстандын жаштары үчүн заманбап тренддер жана мүмкүнчүлүктөр», Казакстан менен Кыргызстандын маданият жаатындагы темаларда баяндама жасашып, «Блогерлик», «Ыктыярчылык», «Жаш мамлекеттик кызматкерлер», «Креативдик индустрия» ж.б. багыттары боюнча диалогдук аянтчада пикир алышышты.
Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын Президенттери биргелешип Кабанбай баатыр көчөсүндөгү сейил бакка — жанына боз үй шаарчасы тигилген Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышышты.
Форумдун соңунда катышуучуларга “Тынчтык жана Ынтымак сарайында” гала-концерт тартууланды.
26. 18-19 апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы Royal beach пансионатында «Медиа адистердин жана жаштардын дезинформация менен күрөшүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу» боюнча 2 күндүк медиа санариптик сабаттуулук тренинги өткөрүлдү.
Ага Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылары Тариэлова Аяна, Шадыканова Самина жана мүчөсү Султангазиев Адыл катышып фактчекинг, сүрөт боюнча тексти издөө, маалымдоо менен пропаганданын айырмасы, фейк, санарип гигиена, фактылар жана көптөгөн интернет сырлары боюнча билим дараметин жогорулатып келишти.
Тренинг АКШ Элчилигинин колдоосу менен Factcheck.kg медиа сайт тарабынан ишке ашырылды.
27. 22-апрель 2024-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда жогорку класстардын окуучулары жана атайын орто кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн уюштурулган «Курчап турган чөйрөнү коргоодогу жаштардын ролу: кантип экологиялык демилгелердин активдүү катышуучусу болуу керек» деген аталышындагы эко тренинг өтүлдү.
Тренинг GIZ Германия кызматташтык коому тарабынан “Youth4Green―Жаштар кеңештери Кыргызстанда жашыл баалуулуктарды жайылтуудагы өзгөрүүлөрдүн катышуучулары катарында” аталышындагы долбоордун алкагында «Коом жана өнүгүү» коомдук фонду тарабынын ишке ашырылууда.
Тренингдин катышуучулары экология дүйнөсүнө киришип жана экологиялык сабаттуулукту жогорулатууга жана курчап турган чөйрөнү сактоого активдүү катышууга багытталган дискуссиялардын, оюндардын жана практикалык сабактардын активдүү катышуучулары болушту.
Тренингдин алкагында экологиянын актуалдуу көйгөйлөрү каралып, экологиялык жашоого карай конкреттүү кадамдар сунушталып, экологиялык кыймылдагы жаштардын ролу талкууланды. Катышуучулар өз идеялары, тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн бири-бирине иш-аракет кылууга шыктандырышты.
Тренинг экологиялык көйгөйлөр жөнүндө көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгү гана болбостон, тажрыйба алмашуу, командада иштөө жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн аянтча болду.
Тренингдин катышуучулары уюштуруучуларга ушундай маанилүү иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти жана экология жана туруктуу өнүгүү жаатындагы иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
28. 23-30 апрель күндөрү Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борбору Эко видео конкурсун уюштурушту. Конкурстун шарртары шарттары:
1. Экологиялык демилгеге катышканыңызды көрсөткөн видео жарыялаңыз (Мисалы: таштандыларды тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, пластиксиз буюмдарды колдонуу ж.б.).
2. @ordo_zhashtar_borboru @prospects4youth @balykchypress @forward_centre3944 @abilbiikhan_sw_ баракчаларына катталыңыздар.
3. Видеого @ordo_zhashtar_borboru @prospects4youth баракчаларын белгилеп, #youth4green хэштегти кошуңуз.
4. Эң мыкты эмгектерди биздин калыстар тобу тандайт жана бул эмгектердин авторлору повер-банк менен айрподс сыйлык катары ээ болушат.
5. Конкурс 23-30 апрельге чейин созулат.
Жеңүүчүлөр биздин Инстаграм баракчабызда жарыяланат.
Бардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайбыз жана айлана-чөйрөнү коргоого активдүү катышууңуздарга ишенебиз!
29. 1-май 2024-жылы GIZ Германия кызматташтык коому тарабынан “Youth4Green―Жаштар кеңештери Кыргызстанда жашыл баалуулуктарды жайылтуудагы өзгөрүүлөрдүн катышуучулары катарында” аталышындагы долбоордун алкагында «Коом жана өнүгүү» коомдук фонду тарабынын өткөрүлгөн экологияны коргоо боюнча сынагында тандалып алынып, «Эко конкурска» катышкандар белекке ээ болушту.
«Эко конкурсту» Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борбору уюштурду. Башкы максат таасирдүү видео роликтер аркылуу коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге, климаттык өзгөрүүлөргө буруу болуп саналат.
Эмгектин авторлоруна жалпысынан 5 повербанк менен 5 айрподс өңдүү сыйлыктар тапшырылды.
30. 11-12-13 май Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунда жана №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жапы орто билим берүү мектебинде «Жихан Гешт» же «Аалам саякатчысы» долбоору этностор аралык достукту жана ынтымакты колдоого багытталган жана Балыкчы шаарында өз ишин баштады. Долбоордун негизги максаты – интерактивдүү жана маданий иш-чараларды уюштуруу аркылуу жарандык аң-сезимди калыптандырууга көмөктөшүү. Долбоордун алкагында шаардын ар кыл этносторунун өкүлдөрүнүн чыгармачыл табылгаларын камтыган декоративдик-прикладдык буюмдарды жасоо каралган. Долбоордун программасына «Кыргыз жараны» концепциясы, жарандык активдүүлүк боюнча семинарлар, ошондой эле жергиликтүү бюджетти түзүүдө жергиликтүү коомчулуктун ролун талкуулоо киргизилген. Ошондой эле социалдык өнөктөштүк темасында симуляциялык оюн жана 3-күндүк окуттуу тренинг өткөрүлдү. Долбоордун туу чокусу — «Этностордун достугу аллеясы»деп аталган бак-дарактарды отургузуу акциясы болмокчу.
31. 19-май 2024-жылы «Жихан Гешт» же «Аалам саякатчысы» долбоорунун алкагында этностор аралык достукту жана ынтымакты колдоо максатында Балыкчы шаардык Эсен Думанаев атындагы маданият үйүндө форум өтүлдү. Форум «Кыргыз жараны» концепциясын бааса белгилеп, форумдун катышуучулары ар кайсы этностордун өкүлдөрү жана жергиликтүү жаштар катышты. Форумдун соңунда катышуучулар уюштууручулар менен биргеликте «Этностордун достук аллеясын» түзүү максатында “Сейил” жана “Толкун” эс алуу жайларында Тазалык муниципалдык ишканасы жана “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылары менен биргеликте көчөттөрдү, гүлдөрдү отургузушту.
32. Балыкчы шаарына 2024-жылдын 3-4-июнунда Токмок шаарынан, Иванов, Байтик, Беловодский айыл өкмөтөрүнөн делегаттар келишти. Анда алар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитетинин иши менен таанышышты.
Иш-чарада Балыкчы шаарындагы “Бактылуу Эне” кризистик борборунун жетекчиси Сыдыгалиева Чинара “Токто, коркпо, жаша ” атуу темадагы презентациясы менен тааныштырды.
Мындан сырткары, шаар боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштери менен шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын , ички иштер бөлүмүнүн иштери чагылдырылды.
Ошондой эле, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Эсенаманова “Зордук-зомбулуксуз жашоо-жаркын келечек!” аттуу презентациясын,Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович “Жаштар зордук-зомбулукка каршы”, “Ак-ниет нуру” окуу борборунун жетекчиси Тилек Зарылбеков “Зордук-зомбулуктун үй-бүлөгө тийгизген таасири” презентациясын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында келген делегаттар суроо-жоопторго жооп алышып, сунуш-пикирлерин айтышты.
33. 2024-жылдын 5-июндан баштап Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда медайымдарды, медбраттарды окутуу башталды. Келечектеги косметологдорго, массажисттерге, сулуулук салондорунда, чач тарачтарда, бодибилдинг салондорунда, Фитнес борборлорунда, тез жардамда иштөөнү каалагандарга, катуу ооруп (жаткан) адамдарга кам көрүүнү пландагандарга керектүү курстардан болмокчу.
34. C5+1 Жаштар Кеңеши (YC) 2024-жылдын 13-июнунда Балыкчы шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында «Кысымга алынгандардын театры» форум театр өткөрүлдү.
Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулук жана куугунтук сыяктуу гендердик маселелер боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана катышуучуларды аялдардын, кыздардын, жаштардын укуктарын коргоонун жолдоруна үйрөтүү үчүн колдонулган «басымга алынгандардын театрына» катышуу үчүн чогулушту.
Бул интерактивдүү форум театрынын форматындагы иш-чарада Балыкчы шаарынын окуучулары жана «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылары коомдогу гендердик маселелерди камтыган ар кандай чыныгы окуяларды аткарышты. Катышуучулар аткаруунун бир бөлүгү болууга чакырылып, маселелерди чечүү үчүн өз чечимдерин киргизишти.
«Кысымга алынгандардын театры» — бул C5+1 Жаштар Кеңеши мүчөлөрү тарабынан демилгеленген жана ишке ашырылган долбоорлордун бири. C5+1 YC мүчөлөрү жана бүтүрүүчүлөрү жыл сайын жаштар жетектеген 8 долбоорду ишке ашырышат, алар C5+1 платформасынын күн тартибине ылайык келишет: тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдардан адамдарга байланыштар. C5+1 жаштар кеңешинин максаты-Борбордук Азия боюнча жарандык жана англис тилдүү жаштар лидерлеринин аймактык тармагын өнүктүрүү, алар C5+1 артыкчылыктарын алга жылдыруу үчүн иштешет.
35. 10-сентябрь 2024-жылы Балыкчы шаарынынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылар тобу менен жыйын өтүлдү. Жыйындын алкагында алдыга койгон ой-максаттарын, өткөрүлүп жаткан жана өтүлүчү иш-чаралар талкууланды.
36. 5-6-сентябрь 2024-жылы Бишкекте Борбордук Азия жана Афганистандагы климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча жаштардын жана балдардын маанилүү аймактык конференциясы болуп өттү! Иш-чарага 200дөн ашык катышуучулар, анын ичинде жаштар, балдар, улуттук жана аймактык лидерлер, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр жана министрлер чогулду. Бул биздин региондогу климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эң актуалдуу маселелерди чогуу чечүү, пикир алмашуу жана биргелешип чечүү мезгили болду.Туруктуулук, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаштардын ролу сыяктуу маанилүү темаларды талкууланды. Катышуучулар өз демилгелери менен бөлүшүп, биздин өлкөлөрдө колдонула турган мыкты тажрыйбалар менен таанышышты. Бардык спикерлерге жана уюштуруучуларга эмгеги жана берилгендиги үчүн өзгөчө рахмат. Ошондой эле, бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана келечегибизге таасир эткен көйгөйлөргө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Келгиле, жаштар чечимдерди кабыл алууда жана жашыл демилгелерди ишке ашырууда негизги ролду ойногон туруктуу жана таза дүйнөгө чогуу баралы!
37. 5-сентябрь 2024-жылы Балыкчы шаарынын №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин алдындагы «Келечек ээлери» жаштар тынчтык клубунун ыктыярчылары улуттук тазалык күнүнө карата «Толкун» пляжына тазалык акциясын өткөрүштү.
38. 2024-жылдын 23-сентябрь күнү биздин Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда кубанычтуу окуя болду KOICA Корея эл аралык агентигинен Түштүк Кореядан биз жаңы ыктыярчы Ли Чоңа айымды (Lee Cheongah) тосуп алдык, ал биздин ынтымактуу командабызга кошулду. Ли Чоңа айым, Сиз ыктыярчылык программа учурунда Кыргызстанды жаңы үйүңүз катары тандап алганыңызга кубанычтабыз. Сизди биздин маданиятыбыз, каада-салттарыбыз жана, албетте, сонун адамдар менен тааныштырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк күтүп турат. Сиздин катышууңуз биздин долбоорлорго жаңы идеяларды жана шыктанууга алып келет деп ишенебиз.Келгиле, чогуу жаштар борборубузду ого бетер жандуу жана активдүү кылалы! Кызыктуу иш-чараларды, долбоорлорду, жаңы тааныштарды, тажырыйба алмашууларды жана укмуштуу окуяларды күтөбүз!
39. 2-октябрь 2024-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин «Келечек ээлери» жаш тынчтык клубунун мүчөлөрү театр-форум өткөрүштү. Окуучулар чыныгы актердук таланттарды көрсөтүштү жана ар бирибизге тиешелүү маанилүү темалар менен бөлүшүштү. Иш-чарага мугалимдер, окуучулар гана эмес, ата-энелер, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышты. Ар бир спектакль тынчтык, эркиндик, чынчылдык, достук, түшүнүү жана жардам жөнүндө маанилүү суроолорду жараткан чыныгы жандуу сабак болду. Биз жаш муун коомдо позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратууга активдүү катышып жатканына сыймыктанабыз! Форум-театр жаштарды социалдык процесстерге тартуу жана активдүү жарандык позицияны калыптандыруу үчүн күчтүү курал катары кызмат кылат. Бул көңүл ачуу гана эмес, билим берүү, иш-аракет кылууга шыктандыруу жана коомдогу өзгөрүүлөргө мүмкүнчүлүк түзөт.
40. 3-октябрь 2024-жылы биздин жаштар паркында жапониялык «Суши Бармак» музыкалык ыктыярчылар тобу өзүнүн таланты жана чеберчилиги менен баарыбызды таң калтырган сонун музыкалык тур өткөрдү.Алардын программасында жапондордун салттуу обондору да, ар кандай музыкалык аспаптарда ырдалган кыргыздын жандуу ырлары да камтылган. Музыканын маданияттарды бириктирип, достук жана жылуу маанайды жаратканы укмуш!Биз сыйкырдуу үндөрдөн, ошондой эле жүрөгүбүздү жылыткан нукура жапон жана кыргыз элдик обондорунан ырахат алдык.Бул унутулгус күндү бизге тартуулаганы үчүн «Суши Бармак» тобуна чоң рахмат!
41. 7-8-9 октябрда 2024-жылы 5-Жаштар Оруссиялык Экологиялык Форуму КМШ өлкөлөрүнүн катышуучулары үчүн окутуу (стажировка) Россия Федерациясынын билим берүү министрлигинин колдоосу менен «Ыктыярчылык борборлор Ассоциациясынан» (Добро РФ) КМШ өлкөлөрүндө «Ыктыярчылык жылдын» алкагында өттү. РЭФ-5 Оруссиянын 44 аймагынын өкүлдөрүн гана эмес, жакынкы чет өлкөлөрдөн: Кыргызстан, Азербайжандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген конокторду да чогултту.Форумдун алкагында делегаттар «КМШ практиктери менен алмашуу» сессиясында катышуучулар «Экосистема» кыймылынын ишмердүүлүгү, анын ичинде «БумБатл» акциясы, «жашыл стандарт» долбоору жана башка демилгелер менен тааныша алышты. Тажикстанда батарея чогултуу, Кыргызстанда, Өзбекстанда экологиялык кыймылды өнүктүрүү боюнча өз долбоорлорун тартуулашты. Ошондой эле өз өлкөлөрүнүн экологиялык саясатынын өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүштү, Азербайжандан келген делегаттар жашыл экономиканы өнүктүрүү жана колдоо жөнүндө айтып беришти жана бизнестеги экологиялык демилгелердин өзгөчө ролун баса белгилешти.
42. 2024-жылдын 21-22 октябрь күндөрү «Чыр-чатактарды болтурбоо жана тынчтыкты куруу жаатында улуттук потенциалды чыңдоо:ишенимди жана социалдык биримдикти бекемдөөгө жарандык коомдун катышуусунун маанилүүлүгү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында чыр-чатакка сезимталдык боюнча эки күндүк семинар өтүлдү. Семинарга аксакалдар соту, аялдар кеңеши, мугалимдер, социалдык коргоо кызматкерлери, милиция кызматкерлери, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси жана ыктыярчылары катышышты.
43. 31-октябрда KOICA WFK командасы “Ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн баалоо” жолугушуусун өткөрдү. Анда ар бир ыктыярчы өз ишмердүүлүгү тууралуу айтып гана тим болбостон, тажрыйба, идеялар жана колдоо менен алмашышты. Бири-биринин ишмердүүлүгү жөнүндө көбүрөөк билүү жана жаңы идеяларга шыктануу үчүн сонун мүмкүнчүлүк болду.Эртеси, 1-ноябрда ыктыярчылар жана адистер үчүн “Коопсуздук боюнча тренинг” өттү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү пайдалуу лекцияларды өтүштү, KOICA коопсуздук боюнча менеджери да эвакуациялоо боюнча тренингди өткөрдү. Аталган тренингке биздин Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жаштарды өнүктүрүү боюнча адиси жана KOICA WFK ыктыярчысы Ли Чоңа активдүү катышып келди.
44. 20-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Балыкчы шаарынын БУУнун ЮНИСЕФ Балдар Фондунун ыктыярчылары шаардын мектептеринде балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияга арналган бир катар презентацияларды өткөрүштү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын БУУнун бул маанилүү конвенциясына кошулгандыгынын 30 жылдыгына арналган. БУУнун ЮНИСЕФ Балдар Фондунун ыктыярчылары окуучуларга Конвенциянын негизги макалалары тууралуу маалымат берип, ар бир баланын билим алууга, ден соолукка, зомбулуктан жана басмырлоодон коргоого, ошондой эле алардын жашоосуна тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышуу укуктары жөнүндө айтып беришти. Презентациялар интерактивдүү болду, анын ичинде талкуулар, викториналар жана оюндар балдар үчүн маалыматты жеткиликтүү жана кызыктуу болду. Презентациялардан кийин ыктыярчылар окуучуларга үйрөнгөн маалыматты жакшыраак түшүнүүгө жана бекемдөөгө жардам беришти.Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мектеп окуучулары өздөрүнүн укуктарын жана жоопкерчилигин түшүнгөндүгүн көрсөтүштү, балдардын укуктары жөнүндө конвенция жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы иши тууралуу көбүрөөк билишти. Көптөгөн балдар өз мектептеринде жана жамааттарында балдардын укугун коргоого активдүү катышууну каалашарын билдиришти.ЮНИСЕФтин Балыкчы шаарынын жана албетте Кыргызстандын келечекте жаш муундарда жоопкерчилик сезимин жана адам укуктарын урматтоону калыптандыруу үчүн ушул сыяктуу иш-чараларды улантыларын билдиришти.Ар бир активдүү катышуучуга сыйлыктар тапшырылды, ошондой эле ар бир мектепке ЮНИСЕФтин атынан волейбол топтору тапшырылды.
45. 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана 17-ноябрь студенттер күнүнө карата Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунда мектеп окуучулары жана студент кыздар арасында лидерлик, оратордук чеберчилик, эркин сүйлөө, сүйлө этикасы жана медиа сабаттуулук боюнча окутуу болду. Окутуу «Атуул» коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облусу боюнча «RAP KYZDAR» (Right! Action! Power!) долбоордун алкагында Кыргызстандагы Американын Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.
46. 2024-жылдын 7-декабрда «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясына Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылары жигердүү катышты.
47. 8 декабрь 2024 жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович Коммуникациялык стратегия: ал эмне үчүн керек?Медиа план жана анын стратегияны ишке ашыруудагы мааниси, медиа кампанияны кантип натыйжалуу иштеп чыгуу жана ишке ашыруу керек, социалдык тармактар менен иштөөдө эмнени эске алуу зарыл жана маанилүүлүгү боюнча ыктыярчыларга семинар-тренинг өттү.
48. 11-декабрь 2024-жылы Yurtah» жана «Jyldyz Academy» старт-аптарынын негиздөөчүсү Тимур Турдубаев Мон мырза Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун «Жарандык жана санариптик билим берүү борборунда» жаштар үчүн веб-сайт иштеп чыгуунун негиздерине арналган мастер-класс өткөрдү.Мастер-класстын катышуучулары негизинен 12 жаштан 25 жашка чейинки Балыкчы шаарынын жаштары веб-сайттарды түзүү боюнча баалуу практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Тимур Турдубаев Мон мырза веб-дизайн жана программалоонун негизги принциптерин иш жүзүндө көрсөтүп, өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүштү.Мындан тышкары, Тимур Турдубаев Мон мырза Америкадагы жашоосу жана иштөө тарыхы менен бөлүшүп, Америкада иштөө, окуу жана кыймылсыз мүлк, бизнесте жана ITде ийгиликке жетүү жолдору жөнүндө айтып берди. Анын окуясы мастер-класстын катышуучулары үчүн шыктануу менен болуп, берилгендик жана туруктуулук сонун натыйжаларга алып келерин көрсөттү.»Тимур Турдубаев Мон мырзанын сапары биздин жаштар борбору үчүн маанилүү окуя болду», — деп белгиледи «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович.Катышуучулар баалуу практикалык көндүмдөрдү гана эмес, IT-чөйрөдө жана бизнесте андан ары өнүгүү үчүн шыктануу алышты». «ОРДО» муниципалдык жаштар борбору Тимур Турдубаев Мон мырзага шаарыбыздын жаштары менен тажырыйбасы менен бөлүшкөн убактысы, билими үчүн терең ыраазычылык билдирет.
49. БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу астында “Социалдык тармактарда кастык тилин аңдоо жана алдын алуу, ошондой эле SMM жүргүзүү” боюнча “Инновациялар Лабораториясы” уюму тарабынан 2024-жылдын 9-декабрында Балыкчы шаарынын Сары-Ой мейманканасында семинар-тренинг өтүлдү. Тренингдин максаты – социалдык тармактарда контент жасоодо жана интернет-колдонуучулары менен баарлашууда бири-бирин кемсинтүү, улут, жыныс аралык жек көрүү сөздөрүн ажырата билүү, колдонбоо жана кастык тилине кантип каршы туруу керектигин үйрөтүү. Семинардын экинчи бөлүгү социалдык тармактарда кантип SMMжүргүзүү керектигин айтып, талдап жана практикалык иштер менен коштолду. Тренерлер: Асель Сооронбаева жана Азиза Мурзашева. Тренингтин катышуучулары: “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун мүчөлөрү жана ыктыярчылары, мектеп окуучулар, орто кесиптик окуу жайлардын студенттери, коомдук фондун мүчөлөрү жана соц.кызматкерлер.
14-декабрь 2024-жылы «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу максатында Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович, мүчөлөрү, ыктыярчылары жана Балыкчы шаарынын №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин алдындагы «Келечек ээлери» жаштар тынчтык клубу менен биргеликте ийне жалбырактуу көчөттөрдү, бак-дарактарды тигүүгө жана таштандыларды тазалоого активдүү катышып гана тим болбостон, өз билимдерин жана тажрыйбаларын башка катышуучулар менен бөлүшүштү.Мындай акцияларды жана кампанияларды мындан ары да улантмакчыбыз! Келгиле биздин шаарыбызды биргелешип чого ынтымакта жашыл, таза жана кооз шаарга айланталы!
50. Салам достор, сонун жаңылык! Ар бейшемби күнү биздин Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы« ОРДО» муниципалдык жаштар борборуна Түштүк Кореядан KOICA Корей эл аралык кызматташтык агенттигинен келген ыктыярчы Ли Чоңа айым менен жолугушуу болот!Шаарыбыздын жаштары үчүн позитив, кызыктуу интерактивдүү оюндар, билим берүүчү лекциялар, викториналар жана жандуу талкуулар! Бизге кошулуңуздар, сонун болот!
51. Биз гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттерди аяктадык! Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун командасы менен бирге 10-декабрь Адам укуктары күнүнө карата укмуштуудай иш жасадык! Глобалдык акциянын алкагында биз шаарыбыздын жаштары, өспүрүмдөрү жана мектеп окуучулары арасында видеороликтердин конкурсун уюштурдук. Жаштар чыныгы чеберчиликти жана көйгөйдү терең чагылдырышты! Бардык катышуучуларга активдүүлүгү жана жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдиребиз! Видеолоруңуз шыктандырат жана ойлондурат! Зордук-зомбулуксуз дүйнөнү чогуу кура алабыз деп ишенебиз! Биз менен болуңуз жана демилгелерибизди колдоңуз!
52. 18-декабрь 2024-жылы Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун «Жарандык жана санариптик билим берүү борборунда мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер жана жаштар арасында санарип сабаттуулук, электрондук мамлекеттик кызматтар порталына катталуу, онлайн жана электрондук режимде иш-кагаздарын,төлөмдөрдү, суроо-жоопторду жүргүзүү жана «Түндүк» тиркемесин таасирдүү, маңыздуу пайдалануу боюнча окутуу тренинг болду.
53. 20-21-22 декабрь 2024 -жылы 3-күндүк тренинг Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунда FSDS, UNDP, ПРООН колдоосу менен финансылык, коммерциялык сабаттуулук боюнча Балыкчы шаарынын жаштары, окуучулары, студенттери, жаш адистери, жаш мугалимдер жана ыктыярчылар арасында өттү.
54. 30-декабрь 2024-жылы Балыкчы шаарында Жергиликтүү өз алдынча башкарууусунун жана Балыкчы Шаардык Кеңештин колдоосу менен Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борбору жана Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан “Жыл мыктылары” аныкталып жана Балыкчы шаар статусун алгандыгына 70-жыл мааракеси салтанаттуу белгиленди. “Жыл мыктысы 2024” иш-чарасында кызматында артыкчылык көргөзгөн муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлерге, чыгармачыл топтор, коомдук бирикмелер, коомдук фонддор, мыкты лидерлер, активисттер, окуучулар, студенттер, мугалимдер, машыктыруучулар, спортчулар өңдүү ар кыл тармак өкүлдөрүнө атайын номинациялар тапшырылды. “Жыл мыктысы 2024” дипломдору жана атайын даярдалган чакан белектер берилди.
Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу ар кыл кесип ээлерин шаардын өсүп-өнүгүшүнө кошкон зор салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүн эмгек менен ийгиликке жетип, талыкпаган мээнеткечтик, иштермандык менен элге алынгандарга “Жыл мыктысы” наамдары жана «70-жылдык юбилейлик төш белгилери» ыйгарылып жатканын айтып, бардык иш-чара катышуучуларына аманчылык, бакубат жашоо жана албан жетишкендиктерди калаады.