Балыкчы шаарынын мэринин жаңы жылдык куттукттоосу!

Балыкчы шаарынын мэринин жаңы жылдык куттукттоосу!

Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Сиздерди келе жаткан 2023-Жаңы жылыңыздар менен чын пейил ак дилден куттуктайбыз!
Кылымдын дагы бир жылы сапарын карытып, изги үмүт, тилектерге канат байлаган мезгилдин жаңы барагын ачканы турабыз. Өткөн жылыбыз ар түрдүү саясий окуялардын, ошону менен бирге экономикалык, социалдык өнүгүүнүн максаттуу багыттарын жүзөгө ашыруунун жана коомдогу жат көрүнүштөргө чечкиндүү күрөшүүнүн жылы катары эсибизде калды.
Ал эми биздин шаарыбызда Президенттин, Министрлер Кабинетинин жарлык, буйруктарына ылайык нарк экономикасынын шартында эмгектенүүнүн бир катар милдеттери аткарылды десек болот. Жеке ишкерликтин бардык мыйзамдуу түрлөрүнө кеңири жол ачуу менен жергиликтүү казынаны толуктап, жолдорду, тротуарларды оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, жылуулук, суу түтүктөрүн алмаштыруу, бүтпөй калган көп кабат үйлөрдүн курулушун улантуу, социалдык имараттарды оңдоп-түздөө, калааны көрктөндүрүп, тазалыкты сактоо, ошондой эле жергиликтүү маанидеги иш-чараларды уюштуруу менен аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж жарандарга социалдык жактан көмөк көрсөтүү сыяктуу жана башка чарбалык, маданий иштердеийгиликтерге жетише алдык. Албетте, мындай саамалыктарды жаратууда сиздердин — жалпы шаар калкынын ынтымак-ырашкерликке баш кошкон биримдиктүү аракетинин зор экендигин айтпай коюуга болбойт.
Урматтуу уюткулуу калың журт!
Балыкчынын куму-күмүш, ташы алтын, карыптарды кут-берекеси менен тоюнткан касиеттүүлүгүн Калыгул көсөм бир кылым мурда айтып кеткендигин жакшы билебиз. Куттуу калаабыздын барк-баасын бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымак, ак эмгегибиз менен даңазалап, келечек муундарга өрнөктүү үлгүү көрсөтүү бардыгыбыздын ыйык парзыбыз. Көл кылаасынан чыккан жети аке бийик акыл-парасаты, даанышмандыгы менен коомдун калыптанышына баа жеткис салымдарын кошуп, ысымдары тарых барактарында жазылып калгандыгы белгилүү. Бүгүнкү күндө алардын нускалуу кеп-кеңештерин уңгулуу тарбиянын өзөгү катарында колдоно билүү менен биримдикти чыңдоо, жан дүйнөбүздү аруулап, ашкере ыплас саясаттан оолак болууну турмуш өзү талап кылууда.
Андыктан, жалпыбыз кирип келген 2023-жаңы жылды мамлекетибиздин, шаарыбыздын келечектүү өнүп-өсүшү үчүн жаңы максаттарды, бийик идеяларды көздөгөн ак ниет ой, асыл үмүт-тилектерибиз менен тосуп алалы. Жаңы жылыбыз элге дөөлөт, жерге оомат тартуулаган акжолтой жылдардан болсун. Өлкөбүз, анын ичинде Балыкчы шаарыбыз өнүгүү жолуна түшүп, элибиз, жерибиз жамандыктан, бөөдө кырсыктан оолак болсун. Ар бир үйдө бакыт, кубаныч жана шаттыктын шаңы оболоп, жайыл дасторкондун берекеси артып турсун деген ак тилегибизди билдиребиз.
Жаңы жылыңыздар менен!
Терең урматтом менен Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат!
div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(https://balykchy.gov.kg/wp-content/uploads/2019/05/2019-05-27_00-20-18-min.jpg);background-color: transparent;background-size: initial;background-position: top center;background-attachment: scroll;background-repeat: initial;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 150px;}#main-content .dfd-content-wrap {margin: 0px;} #main-content .dfd-content-wrap > article {padding: 0px;}@media only screen and (min-width: 1101px) {#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars {padding: 0 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars > #main-content > .dfd-content-wrap:first-child {border-top: 0px solid transparent; border-bottom: 0px solid transparent;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width #right-sidebar,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width #right-sidebar {padding-top: 0px;padding-bottom: 0px;}#layout.dfd-portfolio-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel,#layout.dfd-gallery-loop > .row.full-width > .blog-section.no-sidebars .sort-panel {margin-left: -0px;margin-right: -0px;}}#layout .dfd-content-wrap.layout-side-image,#layout > .row.full-width .dfd-content-wrap.layout-side-image {margin-left: 0;margin-right: 0;}

Инструменты специальных возможностей